Кошумча нарк чынжырчасы боюнча эки күндүк тренингтер аяктады

Кошумча нарк чынжырчасы боюнча эки күндүк тренингтер аяктады

🏆 Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан 18 жаштан 34 жашка чейинки 309 адам катышты ✅ Билим берүү тренингдери жаштар арасында техникалык жана кесиптик чеберчиликти өнүктүрүү максатында кийинки кесиптер боюнча өткөрүлдү: таңгакчы, балчы, кол өнөрчүлүк, агроном, мал чарба техник жана жемиш сортточу Окуу процессинин жүрүшүндө тренингдин катышуучулары төмөнкүлөрдү үйрөнүштү: 🔗 Интенсивдүү аарычылык технологиялары, эне аарыларды өстүрүү 🔗 Күрүч, алма, өрүк, малина өстүрүү технологиялары 🔗 Жыйналган өрүк, алма жана күрүчтү кургатуу жана кайра иштетүү технологиялары 🔗Бодо малды асылдандыруу жана багуу ыкмалары 🔗Бодо малдын ылаңдары жана малдын ылаңдарынын алдын алуу 🔗Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине жана илдеттерине каршы элдик каражаттарды даярдоо жана колдонуу 🔗Кийиз жасалмаларды жүндөн жасоо 🔻Кесиптик билимге ээ болгон жаштар өз мекенинде иштей алышат, бул чет өлкөлөрдөгү эмгек миграциясын төмөндөтүүгө оң таасирин тийгизет. КНЧ боюнча окутуу "ЦАБА"-юридикалык жактардын бирикмеси тарабынан жүргүзүлөт ___ «АРАКЕТЧИЛ» долбоору Япония Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө каржыланып, Ага Хан Фондунун «Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүгүүсүн колдоо программасы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда. #АракеткеБерекет #MSDSPKG #L4Y #Аракетчил #Ош #Баткен#Жалал-Абад

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information