32 жалпы кызыкчылык топторунун лидерлери үчүн онлайн тренинг

32 жалпы кызыкчылык топторунун лидерлери үчүн онлайн тренинг

32 жалпы кызыкчылык топторунун лидерлери үчүн онлайн тренингдери аяктады🤗 Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынан балчылык, кол өнөрчүлүк жана күрүч, алма, өрүк, малина сыяктуу айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча адистешкен ГОИ жетекчилери окудан өтүштү. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар төмөнкүдөй темаларды өтүштү: ➖ "Жалпы кызыкчылык топторун башкаруу" ➖ "Жалпы кызыкчылык топторунун өнүмдөрү менен кызматтарынын маркетинги" ➖ "Менеджмент жана стратегиялык пландаштыруу" 🔔Ошондой эле, тренингдин катышуучулары кейс талдоо, топтук иш, мээ чабуулу ыкмасы менен талкуулоо аркылуу практикалык тапшырмаларды аткарууну үйрөнүштү. Практикалык тапшырмалар катышуучуларга даяр продукцияны өстүрүү, өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу практикасын алмашууга, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берди. ✅ Тренингде алынган билим жана көндүмдөр келечекте Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында кошумча нарк чынжырларын ийгиликтүү түзүүгө жардам берет. 🔻Ошондой эле, тренингтер аяктагандан кийин бардык ГОИ Лидерлерине өздөрүнүн иш-чараларынын алкагында жеке консультациялар берилди. 📃 Бардык катышуучулар тестирлөөдөн өткөндөн кийин сертификаттарга ээ болушту. Окутуу "AC Consulting" консалтинг компаниясы тарабынан жүргүзүлөт ___ «АРАКЕТЧИЛ» долбоору Япония Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө каржыланып, Ага Хан Фондунун «Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүгүүсүн колдоо программасы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда. #АракеткеБерекет #MSDSPKG #L4Y #Аракетчил #Ош #Баткен#Жалал-Абад

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information