Жалпы кызыкчылыктар топтору техникалык жабдууларды алышты

Жалпы кызыкчылыктар топтору техникалык жабдууларды алышты

Кыргызстандын түштүк региондорунун жалпы кызыкчылыктар топтору (ЖКТ) өздөрүнүн КНЧсы боюнча техникалык жабдууларында колдоо алышты 🎉 30 ЖКТ (жалпы кызыкчылыктар топтору) өздорүнүн КНЧларын (кошумча нарк чынжырлары) жабдууларды алышты. Андан нары КНЧнын өндүрүмдүүлүгүн жана өнүгүүсүн жогорулатуу үчүн жабдууларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. 🔵Баткен облусу боюнча – 13 ЖКТ КНЧ багыттары- кол өнөрчүлүк, малина, өрүк. 🟢Ош облусу - 7 ЖКТ КНЧ багыттары- күрүч жана алма. 🟣Жалал-Абад облусу-8 ЖКТ КНЧ багыттары- кол өнөрчүлүк жана бал. 👉🏻Сентябрь айында бал челек ЖКТна 3 бал чыгаргыч жана бут менен басып тигүүчү бир машина жеткирип берилди. 👉🏻Октябрь айынын башында Баткен облусундагы 5 ЖКТна энергияны үнөмдөөчү 11 күн кургаткыч жеткирилип берилди. 👉🏻Ошондой эле октябрь айында бир нече компаниялар тарабынан даярдалган жабдуулар: 10 жүн тытуучу аппарат, 1 жүн жуугуч, 2 кийиз тампон, 4 күрүч кургаткыч, 3 мөмө кескич, 3 мөмө -жемиш кургаткыч, 3 мом чуңкуру, 4 вакуумдук таңгактоочу машина жана малинанын заманбап сортторунан көчөт жер-жерлердеги ЖКТна жеткирилип берилет. ___ «АРАКЕТЧИЛ» долбоору Япония Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө каржыланып, Ага Хан Фондунун «Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүгүүсүн колдоо программасы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information