Жалал-Абад обл. Таштак айылында 50 орундуу бала бакча ачылды

Жалал-Абад обл. Таштак айылында 50 орундуу бала бакча ачылды

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айыл аймагынын Таштак айылында 50 орундуу бала бакчанын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен (АРИС) билдиришти. Бала бакча КР министрлер кабинети жана Германия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып ишке ашырылган “Коммуналдык инфраструктураны каржылоо, 3-этап” айылдык инвестициялар үчүнчү долбоорунун алкагында курулган. Бүгүнкү күндө Барпы айыл аймагында 3 жаштан 6 жашка чейинки курактагы 3800 бала жашайт. Айылдын жашоочулары тарабынан көтөрүлгөн башкы көйгөйлөрдүн бири бала бакчанын жоктугу болгон. Жашоочуларга балдарды Жалал-Абад шаары жана башка айыл аймактарынын бала бакчаларына жөнөтүүгө туура келген. Бул албетте ыңгайсыздыктарды пайда кылган. Ата-энелер жана балдар жакын арадагы мектепке чейинки мекемелерге жетүү үчүн өтө көп убакытты коротууга мажбур болуп келишкен. Эми жергиликтүү жашоочулар айылдын чегинен чыкпастан эле балдарды бала бакчага орноштуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ, ал эми бөбөктөр акыры мектепке сапаттуу даярдоо мүмкүнчүлүгүн алышты. Кененирээк маалымат учун: http://kg.kabar.kg/news/zhalal-abad-oblusunun-tashtak-aiylynda-50-orunduu-bala-bakcha-achyldy/?fbclid=IwAR1wQi4b-zXxno7LOL5Mn_NOt2i7vWDHo2gHrrXv9l_Kywtj5ipn4M6I_R4

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information