Кайратбекова Феруза

Кайратбекова Феруза

👏🏻Ишкердикке окутуу проектинин эң активдүү катышуучусунун бири - Кайратбекова Феруза 🎁Ар бир сабактан кийин биз активдүү катышуучуларга белек кылып беребиз. Бизнес-план боюнча сабактан кийин 4 катышууга KAIZEN китебин белекке бердик 🎤Ал эми биз окутуу тууралуу Ферузадан кыскача интервью алдык 👇🏻 ❓Кандай бизнес баштадыныз? 👉🏻Азыркы учурдагы бизнесим бул интернет магазин. Кыргызстандагы магазиндер менен келишим түзүп иштешип жатам. ❓Окутуу учурунда кандай пайдалуу нерселерди алдыңыз? 👉🏻Долбоордон өзүм күткөндөн да жогорку дээнгэлде пайдалуу маалыматтарды алдым. Мисалы: кардар менен кантип иштешүүнү, товарларды туура жарнама кылууну, бизнес идеяны табууну ж.б. Жана ошондой эле Кыргызстанда айыл чарба жаатында бизнес кылууда кандай шарттар бар экенин билдим, бул мага өтө чооң жанылык болду. Юридикалык жактан билим алдым (бизнес боюнча). "Ишкердикке окутуу" долборуу аркылуу бизнес жаатында билимим болуп калганы үчүн аябай кубанычтамын. Ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп берген "Предприниматель" компаниясына жана «Аракетчил» долбооруна ыраазычылыгымды билдиремин. ❓Окутуудан кийин келечектеги пландарыңыз кандай? 👉🏻 Долбоордон кийинки пландарым чет мамлекеттеги магазиндер менен келишим түзүп, ошол жактан товар алып келсем деген ой максаттарым бар. Жана ошондой эле Кыргызстандын 7 облусуна (кардарларга ынгайлуу болуу үчүн) интернет магазин ачам деген пландарым бар. Долбоордун катышуучулары окуу процессине активдүү катышканда биз абдан кубанычтабыз. Ферузага мындан аркы өнүгүүдө ийгиликтерди каалайбыз 🙌🏻

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information