Долбоордун окутуулары боюнча сын-пикир

Долбоордун окутуулары боюнча сын-пикир

Жакында Өзгөн районунда сонун адис пайда болот🔥 Ишкерлик курсунун активдүү студентибиз Алмазбекова Айчүрөктөн ой пикир👇🏻 2 баланын энеси жана үй кожойкеси Айчүрөк өзүн-өзү өнүктүрүү менен алектенүүнү чечкен. Анын максаты - SMM адиси болуу жана бул адистикти окутуу үчүн өзүнүн курстарын ачуу⚡️ Айчүрөктүн айтымында, эң пайдалуу сабактар Canvas бизнес модели, кызматтын баасын сунуштоо, финансылык эсеп жана бизнесиңизди инвесторлорго туура көрсөтүү болгон. Айчүрөк, биздин окутуубуз жана жалпы долбоор тууралуу пикириңиз үчүн чоң рахмат. Биздин жалпы команда сизди грант утуп алып, бизнесиңизди ийгиликтүү өнүктүрө аласыз деген үмүттө 💪🏻 — Достор, "Аракетчил" долбоорунун максаты 41 максаттуу жамаатта жаштардын иш менен камсыз болушуна көмөктөшүү экенин эсиңиздерге салабыз «Аракетчил» долбоору Япония Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө каржыланып, «Кыргызстанда Тоолу Коомчулукту Өнүктүрүү программасы» коомдук фонду тарабынан ишке ашыруулуда

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information