Айзат менен кыскача маек

Айзат менен кыскача маек

Салимбаева Айзат "Аракетчил" долбоорунун ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүнүн бири Биз Айзат менен кыскача маек куруп, анын долбоорго катышуу боюнча пикирин билдик👇🏻 💁🏻‍♀️🗣Азыркы учурда мен "Предприниматель" окуу борборунда ишкердикти баштоо курсун аяктап, эки студентти компьютерге киришуу курсу боюнча окуу курсун ачтым🥳 Мен ушул окуу курсунда коптогон маалыматтарды ала алдым жана практикада колдонуп баштадым. Бухгалтердик эсеп, киреше чыгашаларды көзөмөлдөө, салык отчеттору, бизнес-планды түзүү жана дагы маркетинг куралдарын туура пайдалануу менен өз убактымды текке кетирбөөнү уйрөндүм✍️ Азыр Санкт-Петербург шаарындагы инвестиция боюнча онлайн окууда окуп жатам. Окууну аяктаган сон бухгалтердик кенеш беруучу борбор ачууну пландап жатам🤩 Өз идея жана алдыга койгон максаттарымды орундатуу үчүн, дагы талыкпаган эмгек жасап окууну улантууну көздөп жатам. Учурда азыр баардык документтерди топтоп компьютердик курс ачууга урунуп жургон учурум👩🏻‍💻 ___ Айзат чоң максаттарды койду, ага ийгилик каалайбыз👍🏻 Ал эми долбоор боюнча айтып кетсек, "Аракетчил" долбоорунун максаты 41 максаттуу жамаатта жаштардын иш менен камсыз болушуна көмөктөшүү экенин эсиңиздерге салабыз «АРАКЕТЧИЛ» долбоору Япония Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө каржыланып, Ага Хан Фондунун «Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүгүүсүн колдоо программасы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information